Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат – минкабдын убадасы

Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат – минкабдын убадасы

2024-жылы энергетика тармагына 74.9 млрд сом бөлүнөт. Анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бүт өлкө боюнча канча энергия өндүрүлүп жатканы онлайн режимде көрө алабыз. Жакын арада керектөөнүн  көлөмү да дал ушундай санарипке түшүрүлөт.

«Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат: Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде өндүрүү кескин көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддары курулат. Куланак ГЭСи ишке кирет, 30дан ашык чакан ГЭС иштей баштайт. Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн Дүйнөлүк банк менен макулдашууга кол коюштук.  Энергиянын кайра жаралуучу булактарынан: шамал, күн станциялары да курулат. Газдаштыруу иштери жүрүп жатат. Бишкектин экология маселеси жакынкы жылдары чечилет», - деди Акылбек Жапаров.  

Министрлер Кабинетинин башчысы тоо-кен тармагына да токтолуп, тоо-кен тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги өзгөчөлүгү Кыргызстандын жер казынасын геологиялык изилдөөгө каражат бөлүү экенин белгиледи. 2024-жылы бул максаттарга 1 млрд сом каралган.

«Албетте, тоо-кен тармагындагы чоң жеңиш – Кумтөр. Азыр Кумтөр элдин үмүтүн актап жатат. Жалпы тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше берди, бул 2,5 эсеге көп. Бардык кендерде 90%дан ашыгы кыргыз жарандары иштейт», - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын