Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. 

Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык келишимдин катышуучуларынын бизнес-программалары айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылат.

 Түзүлгөн социалдык келишимдин багыттарын алып караганда, эң көп  айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор болгон.
Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. Эске салсак, 2025-жылга бул программа боюнча жалпы 13 миң 333 квота бекитилген.  

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

Экономика министрлиги бизнесте коррупцияга каршы тренинг өткөрдү

13-октябрда Экономика министрлиги Антикоррупциялык ишкердик кеңеш менен биргеликте бизнесте коррупцияга каршы аракеттенүү жана ишкердик этиканы сактоо боюнча окутуу тренингин өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун 40тан ашуун өкүлү катышты. Катышуучулар ISO 37001:2025 "

Ишкер Media
Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалган Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камалды

Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келген ишкер, активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарды. Райондук соттун маалыматына ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берип, судья активистке мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтүн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат.  Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш,

Ишкер Media
Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media