Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди.
Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөрүн кошумчалады.
Ошентсе да, Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киргенче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.