Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү технологиялык борбор болот

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү  технологиялык борбор болот

"Кызмат" мамлекеттик уюмунда 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн, анын ичинен 500 миңдей кызмат онлайн форматта берилген.

Эң көп жүктөлгөн борбор катары Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу 01-01 КТБ белгиленген.

Басма сөз кызматы атап өткөндөй, борбордук КТБлардагы жүктөмдү азайтуу, инфраструктураны модернизациялоо жана санариптештирүүнү жакшыртуу максатында Бишкектеги төрт чоң КТБны бирдиктүү технологиялык мамлекеттик кызмат борбору болуп бириктирилет.

"Кызмат" мамлекеттик башкармалыгынын директору Азамат Жапаров борбордун жаңы заманбап имаратынын долбоорун тааныштырды. Анын курулушу борбордун батыш тарабында, Орок районунда жүргүзүлүп жатат. Жаңы борбор күнүгө 5 миң адамды кабыл алууга жөндөмдүү деп болжолдонууда.

2026-жылы портал жана мобилдик тиркеме аркылуу жаңы онлайн-сервистер киргизилиши пландалууда, алардын ичинде:

  • жалпы жарандык паспортту алмаштыруу;
  • никеге туруу жана никени бузуу боюнча арыз берүү;
  • жашаган жерден маалымкат алуу;
  • азыркы онлайн кызматтарды оптимизациялоо.

Бул чаралар жарандарга КТБга барбастан, онлайн форматта кызмат алууга мүмкүнчүлүк берет, бул сервистин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн кескин жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media