ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууну активдештирет

ЕРӨБ Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууну активдештирет

Европа реконстуркциялоо жана өнүктүрүү банкы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунда өзүнүн катышуусун активдештирерин банктын маалымат кызматы билдирди. 

Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин үч тараптуу бирдиктүү ишканасы катары ишке ашырылып жатат. “Станция жалпы кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон 4 турбина менен жабдылып, жылына 5,6 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Ошондой эле ал бир кыйла жерлерди иштетүүгө жардам берет”,-делет маалыматта. 

Өз ара түшүнүнүшүү меморандумуна ЕРӨБ президенти Одиль Рено-Бассо, банктын Борбор Азия боюнча директору Хусейн Озхан, Туруктуу инфраструктура тобунун башкаруучу директору Гарри Бойд-Карпентер жана Казакстан, Кыргнызстан, Өзбекстан энергетика министрлери катышышты.  

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун баасы 3,5 млрд доллар. Техникалык тапшырмага ылайык негизги курулуш иштерин министрлик 2027-жылы баштап, 2035-жылы эксплуатациялоого берүүнү пландаштырып жатат. Акыркы жылдарда ГЭС курулуучу жерде жолдорду, көпүрөлөрдү, подстанцияларды жана башка курулуштарды куруу үчүн даярдоо иштери жүргүзүлүп келе жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү  технологиялык борбор болот

Бишкектеги 4 райондук КТБ бирдиктүү технологиялык борбор болот

"Кызмат" мамлекеттик уюмунда 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жарандарга 3,9 млн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн, анын ичинен 500 миңдей кызмат онлайн форматта берилген. Эң көп жүктөлгөн борбор катары Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу 01-01 КТБ белгиленген. Басма сөз кызматы атап

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып  пул салынды

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Талас облусунда жаңы соода борбору жана мейманкана курууда мыйзам бузуулар аныкталганын Курулуш министрлиги билдирди. Анын маалыматына караганда, Мамлекеттик архитектура жана курулуш көзөмөл департаментинин регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Туралдиева көчөсү, 183а дарегиндеги объекттерге пландан тышкары текшерүүлөрдү өткөрүшкөн. Текшерүүдө курулуш талаасында коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана техникалык регламенттердин бузулушу катталган. Натыйжада "Алтын Казык

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасынын аудиторлорунун маяналары жогорулайт

Эсептөө палатасы аудиторлордун санын тогуздан үчкө кыскартууну сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору 9-февралда Жогорку Кенештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде ведомствонун башчысы Алмаз Акматов тарабынан сунушталды. Алмаз Акматовдун айтымында, мындай чечим оптимизациялоо максатында сунушталууда. "Бүгүнкү күндө биздин аппаратта 98 инспектор бар, алар аудитти жүргүзүшөт. Аудиторлор болсо

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын чыгаруучу завод курулат

Ош шаарында тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Концессиялык келишимди шаар башчысы Женишбек Токторбаев менен кытайлык "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясынын жетекчиси Дай Дао кол коюшканын түштүк борборунун мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча ишкана жылына 310 миң тоннага чейин таштандыларды кайра иштетип, электр