“Кемин” көмөк чордонунда оңдоо иштери 95%га аяктады

“Кемин” көмөк чордонунда оңдоо иштери 95%га аяктады

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетика тармагында оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жайгашкан өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктады.

Чүй электр тармактар ишканасы маалымдагандай, июнь айында 1-автотрансформатор оңдолгон. Октябрда 2-автотрансформатор жана 500 кВ реактор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле 220 кВ тараптан 12 уяча оңдолду. Калган иштер 1-ноябрга чейин бүткөрүлөт.

Оңдоо иштери жүрүп жатканда саат 09:00–17:00 аралыгында электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн. Так маалыматтар chupes.nesk.kg сайтында жана “Мой свет” тиркемеси, социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.

Суроолор боюнча байланыш номерлери: 105, 1209, WhatsApp: 0772 001 209, 0556 001 209, 0702 001 209.

Чүй электр тармактар ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди. Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң