Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду

Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду

6–10-октябрында Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна кирген Атай (Тогуз-Торо), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук (Токтогул) айыл аймактарында экинчи айлампада коомдук талкуулар болуп өттү. Бул тууралуу Энергтика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага 300гө жакын жергиликтүү тургун, дыйкандар, малчылар, коомдук лидерлер, айымдар жана адистер катышты.

Талкуунун негизги темалары — суу сактагычты толтуруудан улам жайыттардын кыскарышы, мал айдоо жолдорунун бузулушу, жумушка тартуу мүмкүнчүлүктөрү, жолдорду, мектептерди жана саламаттык сактоо объектилерин жакшыртуу зарылдыгы болду.

Айымдар өзүнчө сессияларда кирешеге тийгизе турган таасирлерди жана кесиптик даярдоону талкуулашты.

Катышуучуларга даттанууларды кабыл алуу механизми — WhatsApp топтору, Энергетика министрлигинин жана Камбарата-1 ГЭСинин сайттары аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Энергетика министрлиги алынган сунуштар документтердин финалдык версиясында эске алынарын, кошумча жолугушуулар өтөөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди.  “Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди. "2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда