Кыргызстан MIGA менен энергетика жана инвестицияны талкуулады

Кыргызстан MIGA менен энергетика жана инвестицияны талкуулады

Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилеринин бири, MIGAнын аткаруучу вице-президенти Хироши Матано менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары каралды:

Камбарата-1 ГЭСи аркылуу электр энергиясын экспорттоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу;
MIGAнын саясий жана инвестициялык тобокелдиктерге кепилдик берүүдөгү ролу;
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу тышкы капиталды тартуу жана жеке каржылоону көбөйтүү;
Климаттык тобокелдиктерди эске алуу жана инфраструктуранын туруктуулугун камсыздоо.

Министр Бакетаев MIGA кепилдиктеринин улуттук стратегияларды ишке ашырууда, туруктуу инфраструктура жана энергия долбоорлорун колдоодо, ошондой эле экономиканы терс таасирлерге туруктуу кылууда маанилүү экенин белгиледи.

Тараптар кызматташууну улантууга жана MIGA катышуусу менен биргелешкен каржылоо механизмдерин караууга даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди. Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң