Орто-Токой ГЭСинин курулушу пландалган тартипте уланууда

Орто-Токой ГЭСинин курулушу пландалган тартипте уланууда

Энергетика министринин орун басары Назгүл Үсөнова кайра жаралуучу энергия боюнча адистер менен бирге «Чакан ГЭС» ААКсынын бир катар объектилерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар Чакан ГЭСтин жана Быстровская ГЭСтин электр кубаттоочу станцияларын, ошондой эле ГЭС-5тин бассейнинде жайгашкан калкып туруучу күн электр станциясын көрүп чыгышты.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Орто-Токой ГЭСинин курулуш аянтчасына барып, иштер бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын, сапат жана коопсуздук талаптары сакталып жатканын көрдү.

Назгүл Үсөнова өлкөдө салттуу жана жаңылануучу энергияны өнүктүрүү, заманбап технологияларды колдонуу жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу – энергетика тармагындагы негизги багыттар экенин белгиледи.

Орто-Токой ГЭСинин пландалган кубаттуулугу – 21 МВт. Долбоор өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын күчөтүүгө чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди. Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң