"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Чүй облусундагы  эң ири 4 көмөкчордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаганын Чүй электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

 “Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан июнь айында 500/220/35 кВ «Кемин» көмөк чордонундагы 1-автотрансформатор оңдолсо, октябрь айында 2-автотрансформатор оңдоодон өткөрүлдү.  Мындан тышкары 220 кВ тарабынан 12 даана уяча бөлүкчөлөрү менен техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. "Кемин" көмөк чордонундагы калган оңдоп-түзөө иштери 1-ноябрга чейин толугу менен аяктайт”,-делет маалыматта.

Эске салсак, “Кемин” көмөк чордону 2015-жылы “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү чубалгысы жана “Кемин” 500 кВ көмөк чордонун куруу долбоорунун алкагында курулуп, ишке берилген. Бул долбоордун максаты - Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана Жалал-Абад облусундагы ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын түндүккө жеткирүү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди. Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң