Бишкекте калдыктардан электр энергиясын өндүргөн эко-завод ачылат
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасында жыйын өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жыйында катуу калдыктарды утилдештирүү жана андан электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-заводду ишке киргизүү маселелерине талкууланды. Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү жана даярдык иштери каралды.
Иш-чарага мэриянын, тиешелүү министрликтердин, райондук жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Заводдун ишке кириши Бишкек шаарын таза кармоого жана туруктуу электр энергиясын өндүрүүгө салым кошот.




