Кыргызстанда 250 МВттык ири күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда 250 МВттык ири күн электр станциясы курулат

Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумдун алкагында КРнын Энергетика министрлиги, «States Technology Co., Limited» жана «San Energy Co.» компаниялары Кыргызстанда 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча Инвестициялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Келишимге Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «States Technology Co., Limited» компаниясынын президенти Лю Фернандо Оскар жана «San Energy Co.» компаниясынын башкы директору Лью Ионгжие кол койгон.

Долбоор Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагында 669 гектар аянтка курулуп, 2025-жылы башталып, 2027-жылы ишке киргизилиши пландалууда. Станция ишке кирген соң, өндүрүлгөн электр энергиясын «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААК сатып алат.

Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен POWERCHINA компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга да кол коюлду. Бул документ эл аралык инвесторлорду тартууга, энергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга жана кыргыз адистерин окутууга багытталган. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында калкып туруучу күн электр станциясын куруу мүмкүнчүлүктөрү изилденет.

Маалымат үчүн: POWERCHINA – гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия жана инфраструктура тармактарында дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырып келген Кытайдын ири компанияларынын бири.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде окуучулар бекер окутулат

Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутуларын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт. "Курсанттар 4 айда жакшы окуп, мыкты натыйжа көрсөтсө тест

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Астанада Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Астана шаарынын акими Женис Касымбек менен жолукканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерин жана Бишкек жана Астана шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жаңы имаратты куруу, маданий-гуманитардык

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Кырман жаңы конушундагылар эми "кызыл китеп" алышат

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилиги Кырман турак жай массивинин тургундарына жер амнистиясынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тууралуу токтомдорду тапшырды. 70тен ашуун жаран керектүү документтерди алып, көп жылдан бери чечилбей келген жер маселелерин юридикалык жактан тартипке салууга мүмкүнчүлүк алышты. Акимчиликте белгилешкендей, Кырман турак жай массивинин жашоочулары 20 жылдан бери жерге менчик

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди. Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди. Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң