Самарканддагы энергетикалык комплексти Япония банктары каржылайт

Самарканддагы энергетикалык комплексти Япония банктары каржылайт

Өзбекстандын Самарканд облусундагы жалпы наркы 1,45 млрд долларды түзгөн эки заманбап энергетикалык комплекстин курулушун  Япониянын ири банктары каржылаары маалым болду. 

Аталган облустун акимиятынын маалыматына ылайык, жаңы комплекстердин жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет. Бул Өзбекстандын энергетикалык тең салмактуулугун сактоого багытталган маанилүү кадам экенин адистер айтышууда.
Каржылоонун 635 млн долларын Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) бөлөт. Мындан тышкары, долбоорго Япониянын ири жеке каржы институттары — Sumitomo Mitsui Banking Corp. жана Norinchukin Bank да катышууда.

Долбоордун тобокелдиктери Япониянын экспорттук-инвестициялык камсыздандыруу уюму NEXI тарабынан камсыздалат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек

МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган. Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Улуттук банк санарип сом платформасын пилоттук тестирлөөсүн ишке киргизүүгө даярданууда

Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык, Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоорунун ишке киргизилиши 2026-жылдын аягында — 2027-жылдын башында өткөрүлө тургандыгы маалым болгон. Санарип сом — бул Улуттук банк тарабынан чыгарылуучу улуттук валютанын санарип формасы. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар, алар – накталай сом, жана коммерциялык банктар менен Улуттук банктагы эсептерде жайгашкан

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди. Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация