Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууну быйыл көбөйткөн

Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууну быйыл көбөйткөн

Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууну кыйла көбөйткөнүн “Курсив” казак басылмасы жазды. Тагыраагы, 2025-жылдын январь айынан август айына чейин коңшу өлкө Кыргызстандан 299,4 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. 

Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү боюнча 3,1 эсе көп.

Кыргыз электр энергиясы Казакстан жеткирүүчүлөрүнүн ичинен эң арзаны – 1 киловатт-сааттын баасы 1,4 цент. Буга салыштырмалуу Россия электр энергиясынын 1 киловатт-сааты – 8,4 цент, Өзбекстандыкы – 4,9 цент.  

“Бул Кыргызстандын негизги электр энергиясын советтик доордо курулган суу электр станцияларында өндүргөнүнө байланыштуу. Алардын курулушу эбак өзүн-өзү актагандыктан электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк баасы минималдуу”,- делет басылманын маалыматында. 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда жеке ишкер форель икрасын чыгаруучу цех долбоорун сунуштады

Токтогул районунда жеке ишкер форель икрасын чыгаруучу цех долбоорун сунуштады

Токтогул районунун А.Сүйөркулов айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Айдарбек Табалдиев райондук өнүгүү фондуна форель икрасын өндүрүү боюнча цехти куруу долбоорун сунуштады. Долбоор фондун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган.  Бул демилгени колдоо үчүн райондук өнүгүү фондунан 5 млн сом бөлүнгөн. А жек ишкердин өзүнүн салымы 6 млн сомду түзөт.     Бул долбоорду

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү май келет

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү май келет

Кыргызстанга Беларусиядан белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май ташылып келерин “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын запасы азайып бара жаткандыктан, бул маселени чечүү боюнча Министрлер кабинети менен жолугушуулар өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. “Учурда биздин бир компания Беларусиядан бир компания менен келишим түздү.

Грин-карт лотереясы сакталат, бирок каттоо нөөмөтү өзгөрүлөт

Грин-карт лотереясы сакталат, бирок каттоо нөөмөтү өзгөрүлөт

АКШ мамлекеттик департаменти Diversity Visa (DV-2027) лотереясына катышуу арыздарын берүү процедурасындагы техникалык өзгөрүүлөр тууралуу билдирди.  Ведомствонун расмий сайтында программа сакталары, бирок өзгөрүүлөр каттоо мөөнөттөрүнө жана натыйжаларды жарыялоого гана тийиш экени айтылган.  Тактап айтканда,   DV-2027 жеңүүчүлөрү иммиграциялык визаларга документтерди мурда бекитилген мөөнөттө – 2026-жылдын 1-октябрынан 2027-жылдын 30-сентябрына чейин тапшыра алышат. Ошентип бул

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геологиялык кызматы менен өлкөдөгү ири көмүр казып алуучу ишканалардын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууга Геологиялык кызматтын директорунун орун басары А.Ж. Курманалиев, жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги А.С. Сакимбаев жана көмүр тармагындагы негизги ишканалардын жетекчилери катышты.