Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Акыркы эки жылда жалпы кубаттуулугу 90 мегаваттан ашык 13 жаңы ГЭС курулган

Президент Садыр Жапаров өткөн апта аягында   электр энергиясы маселеси тууралуу калкка кайрылуу жасап, акыркы 3 жылда курулган жана келечекте курула турган ГЭСтер тууралуу кенен маалымат берди.  

“Биз 3 жылдан бери массалык түрдө ГЭСтерди, күндөн жана шамалдан энергия алчу станцияларды куруп жатабыз. Бирок ошого карабастан, кышкысын энергия жетишпейт. Себеби жыл сайын жүздөгөн завод-фабрикалар, миңдеген мектеп, бала-бакчалар, миллиондогон квадрат метр үйлөр курулуп, алар да көптөгөн энергия талап кылып жатат”,- дейт президент. 

Буга улай өлкө башчы буга чейин ишкер киргизилген ГЭСтерди санап өттү. 

2024-жылы ишке киргизилген ГЭСтер:

  • Бала-Саруу ГЭСи – 25 МВт (Талас облусу);
  • Ысык-Ата-1 ГЭСи – 2 МВт (Чүй облусу);
  •  Көк-Арт ГЭСи – 6,7 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Кайнама ГЭСи – 9,6 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Исфайрам-1 ГЭСи – 2 МВт (Баткен облусу);
  •  Курак-Тектир-1 ГЭСи – 0,6 МВт (Ош облусу);
  •  Арашан ГЭСи – 2,4 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Белес ГЭСи – 0,54 МВт (Баткен облусу)

  • Жалпы кубаттуулук 48,84 МВт болду.

2025-жылы ишке берилген ГЭСтер:

  • Койсуу ГЭСи – 9 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Ысык-Ата-2 ГЭСи – 4 МВт (Чүй облусу);
  •  Аксы ГЭСи – 4,75 МВт (Жалал-Абад облусу);
  •  Боз-Учук ГЭСи – 5,54 МВт (Ысык-Көл облусу);
  •  Кара-Көл ГЭСи – 18 МВт (Жалал-Абад облусу)
    Жалпы кубаттуулук 41,29 МВт.

Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду. Токтогул ГЭСинин 4 агрегатынын баары жаңыртылып, 240 МВт кошулду. Бул 240 МВттык жаңы ГЭС курган менен барабар. Үч-Коргон ГЭСинде реконструкциянын алкагында 9 МВт кошулду, ал эми толук бүткөндө 36 МВт кошумча кубат берилет. Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегатты ишке киргизүү долбоору иштөөдө. Ат-Башы ГЭСи жаңыланып 11,44 МВт кошулду. Лебединовка ГЭСинде реконструкция жүрүүдө. Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланып жатат”,-деген өз сөзүндө С.Жапаров.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Майлуу-Суу заводунун аймагында индустриалдык парк ачылат

Майлуу-Суу заводунун аймагында индустриалдык парк ачылат

Майлуу-Суу электролампалар заводунун аймагында индустриалдык парк ачыларын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал бул билдирүүнү депутат Табылды Муратбековдун заводдогу айлык маяналар боюнча карыздар толук төлөндүбү жана кызматкерлердин жумуштан бошотулушу Майлуу-Сууда жумушсуздуктун өсүшүнө алып келбейби деген суроосуна жооп берип жатып айтты. Бакыт Төрөбаевдин айтымында,

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн. Мындан тышкары, 2030-жылга

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң