Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.

Бул жылы көргөзмөгө Кыргызстан, Россия, Кытай, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Польша, Латвия жана Пакистан сыяктуу 10 өлкөдөн 90дон ашык компания катышууда.

Экспозицияда медициналык жабдуулар, лабораториялык диагностика жана санариптик технологиялар боюнча акыркы жетишкендиктер сунушталды. Көргөзмөнүн алкагында Беларус, Кытай, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын улуттук стенддерине өзгөчө көңүл бурулуп, тармактагы ири өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, эл аралык эксперттердин катышуусунда ишкердик программа уюштурулуп, анда медициналык мекемелерди башкаруу жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелери талкууланмакчы.

👉🏻
MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү - 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет жана саламаттык сактоо тармагындагы негизги профессионалдык аянтчалардын бири болуп саналат. Көргөзмө Бишкектеги КМДТжСА манежинде 2-апрелге чейин уланат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды