Кыймыл датчиктерин орнотуу электр энергиясын колдонууну кыйла азайтат

Кыймыл датчиктерин орнотуу электр энергиясын колдонууну кыйла азайтат

“Биринчи радио” эфиринде Бишкек электр тармактары ишканасынын (БЭТИ) өндүрүштүк-техникалык бөлүм жетекчиси Замирбек Темирбеков кыргызстандыктарды аз-аздан болсо да кыймыл датчиктерин орнотууга чакырып жатканын билдирди. 

Анын айтымында, БЭТИ 110 административдик имаратка кыймыл датчиктерин орнотушуп, мониторинг жүргүзүшкөн. 

“Бир лампочканын кубаттуулугу 48 ватт, жумуш убагында ал 8 саат күйөт. Датчикти орноткондон кийин ал 4 саат гана күйгөн. Ошентип БЭТИ жыл ичинде 5,5 киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөдү”,-дейт З. Темирбеков. 

Буга улай ал ишкананын балансында 133 мектеп, 306 бала бакча, 48 мончо, 88 сауна жана 92 оорукана бар экенин кошумчалаган. 

“Бул объектилерге кыймыл датчиктерин жана жарыкты автоматтык башкаруу системаларын аз-аздан киргизүү менен электр энергиясын колдонууну бир кыйла азайтсак болот”,-дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды. 1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт. МПКБ бардык такси айдоочулары