Кыргызстанда электр энергиясына болгон керектөө 11 жылда 6 млрд киловаттка көбөйгөн
2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд кВт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд киловаттка жеткенин энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, акыркы 11 жылда 33 миңге чейин жаңы абонент кошулган.
“2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд киловатт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд киловаттка жетти. 2021-жылдан баштап экономиканын өсүшүн көрүп жатасыздар, жол, завод-фабрика салынса да, дүкөн иштетилсе да электр энергиясы кетет. Аймактарда канча мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Анткени ал жакта газ жок. Мына Чүй облусу газдаштырылууда. Жаңы конуштарга кызыл китептер берилди. Жаңы конуштарда жаошоочулар көбөйүп жатат. Жаңы турак жайлар курулууда. Мунун баарына кошумча электр энергиясы талап кылынат”, - деди ал.