Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Ш.Мирзиеев суу энергетикалык маселе талаштын башаты эмес экенин айтты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда сууэнергетикалык маселе чыр-чатактардын башаты болбой калганын билдирди. Ал Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча макулдашуу Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы туугандык өз ара мамилелердин символу болуп калганын билдирди. 

Буга улай ал Тажикстан, Түркмөнстан суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча кызматташуунун позитивдүү учурларын эске салды. 

 Өзбек лидери суу менен энергия – талаштын себеби эмес, туруктуу өнүгүүнүн фундаменти экенин баса белгиледи. Бул долбоорлор регионду экологиялык өнөктөштүктүн жана кызыкчылыктардын балансы экенин да ал белгилеп өттү. 

Мындан тышкары окуңуз

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөлүк унаалар 10 күндө катталбаса 20 миң айып пул салынат

Чет өлкөдөн алынып келген унаалар Кыргызстанга киргенден кийин 10 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, унаа айып короо жайына киргизилип, тиешелүү айып салынат. "Ошондой эле эгер унаанын терезелери ал өлкөдө караңгылатылган болсо, биздин өлкөдө

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

Объектилерди оңдоонун 25,7%ын жергиликтүү бюджет камсыздаган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 16 миллиард 565,6 миллион сом сарпталганы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. Каржылоонун жалпы суммасынын 53,2%ын ишканалар жана уюмдар камсыз кылган. Ошондой эле каржылоо үлүшүнүн 25,7%ын – жергиликтүү бюджеттер жана 19,3%ын республикалык бюджет түзгөн. Ал эми

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

Майлуу-Суу заводу акырындап башка өндүрүшкө өтөт

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугушту. Ал кызматкерлердин соңку үч айдан бери ала албай жаткан маянасы мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилерин белгиледи. Ошондой эле ал заводдун мындан аркы иши боюнча маселе каралып жатканын, буга чейин кыскартууга кеткен 550дөй кызматкер азырынча жумушка алынбай турганын тактады.

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды. 1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт. МПКБ бардык такси айдоочулары