Бала-Саруу ГЭСи пландан ашык электр энергиясын өндүрдү
Энергетика министрлиги билдиргендей, Бала-Саруу ГЭСи 2025-жылдын башынан тарта 77 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул пландаштырылган 75,1 млн кВт/сааттын ордунан ашыкча көрсөткүч болуп саналат.
Станциянын адистери агрегаттардын иштешин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, гидротехникалык объекттердин параметрлерин текшерип турушат. "Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциянын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоону улантууда.
Бул жыйынтык өлкөнүн электр энергия менен камсыздоосун жакшыртууга багытталган аракеттердин натыйжасы болуп эсептелет.