Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды колдоого алынган комплекстүү саясаттын аркасында экономика туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде Наджи Бенхассин Дүйнөлүк банк кыргыз тарап менен өнөктөштүктү улантууга даяр экенин билдирип, экономикалык өсүштүн оң динамикасын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкек шаарында 110 кВ чыңалуудагы электр берүүчү линияларда авариялык өчүрүү катталып, анын кесепетинен борбор калаанын керектөөчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү электр жарыксыз калды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариядан улам шаардын керектөөчүлөрүнүн болжол менен 70 пайызы электр энергиясы менен камсыздоодон 1 сааттан ашык убакытка ажыраган. Энергетика министрлигинин маалыматка ылайык, «Парковая» – «Ала-Арча» жогорку

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү,