Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95%га аткарылды

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 95%га аткарылды

Ысык-Көл облусунда электр энергиясын бөлүштүрүү жана эсепке алууну жакшыртуу максатында санариптештирүү иштери жигердүү жүргүзүлүп, жыл башынан бери 44 121 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

“КУЭТ” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылдын башынан бери акылдуу эсептегичтер төмөнкүдөй райондорго орнотулду:

  • Жети-Өгүз РЭТ – 11 895 даана
  • Балыкчы РЭТ – 6 664 даана
  • Ак-Суу РЭТ – 8 710 даана
  • Чолпон-Ата РЭТ – 7 509 даана
  • Тоң РЭТ – 6 718 даана
  • Каракол РЭТ – 2 625 даана
Жалпы 46 400 акылдуу эсептегичти орнотуу пландалган жана учурда пландын 95%га аткарылганы белгиленди.

Азыркы тапта Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 137 728 кардарды электр менен камсыз кылат. Анын ичинен 99 426 кардар акылдуу эсептегичти колдонот. Санариптештирүү аркылуу эсептегичтин маалыматтарын абоненттерди тынчсыздандырбай аралыктан алуу, ошондой эле электрди өчүрүү жана күйгүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Сокулукта ишкерлерге мыйзамсыз айып салган 10 кызматкер жазаланды

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун айрым кызматкерлери ишкерлерге карата пландуу текшерүүлөрдө мыйзамда каралган жазуу жүзүндөгү эскертүү жана контролдук текшерүүнү өткөрбөстөн, түздөн-түз айып

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү: Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экономикалык кызматташтыкты күчөтөт

Бүгүн, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Наджи Бенхассин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары негизги тармактарды