Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи гидроагрегат толук модернизацияланды
Энергетика министрлиги өлкөдөгү гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана реабилитациялоо программасынын алкагында Үч-Коргон ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын капиталдык ремонту жана толук модернизациясын аяктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Агрегат 1962-жылдан бери биринчи жолу мындай масштабдагы жаңыланууну өткөрүп, азыр туруктуу электр энергиясын өндүрүп жатат.
Реконструкциянын жүрүшүндө турбина жана генератордун негизги түйүндөрү толугу менен алмаштырылып, автоматизация, муздатуу, май басымы жана башкаруу системалары заманбап үлгүгө жаңыртылды. Дүйнөлүк алдыңкы технологиялар киргизилип, станциянын ишенимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү жогорулады.
Модернизациядан кийин гидроагрегаттын орнотулган кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка чейин өсүп, жалпы өндүрүштү жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө салым кошту. Генподрядчик катары иштерди Кытайдын CNEEC компаниясы аткарды.
Азыр станцияда төмөнкү иштер активдүү жүрүп жатат: ГА №3түн статордук темир пакети жана 9 стержендерде дефектоскопия – 11% аткарылды; РЗ ДВ №5 жана №6нин төмөнкү бьефтеги рабочий затворлору – 14,5%; станциянын май чарбасында антикоррозиялык иштер – 54,1%; жарыктандыруу системасын орнотуу жана кабель прокладкасы – 7,5% аткарылды.
Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуунун негизги багыты болуп эсептелет.

