Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Пакистан энергетика тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, энергетика тармагын өнүктүрүү багында бири-бирине колдоо көрсөтүү тууралуу талкуу кылышты.

Мындан тышкары эки өлкөнүн энергетика министрлери төмөнкү багыттар боюнча кызматташуунун келечегин карашты:
- Заманбап техникалык чечимдерди жана ыкмаларды колдонуу менен ГЭСтерди курууда жана эксплуатациялоодо тажрыйба алмашуу;
-Аймактык энергетикалык туруктуулукту чыңдоого багытталган CASA-1000 долбоорунун алкагында кызматташууну андан ары кеңейтүү;
- Электр энергиясын өз ара берүү: Кыргызстандан жай мезгилинде жана Пакистандан кыш мезгилинде CASA-1000 долбоорунун алкагында жеткирүүлөрдү ишке ашыруу;
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү жана жашыл энергетика чөйрөсүндө мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;
-Кыргыз Республикасындагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Пакистандан квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу;

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари кол койду.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту