Кыргызстанда энергияны сактоо боюнча эл аралык кызматташуу кеңейүүдө

Кыргызстанда энергияны сактоо боюнча эл аралык кызматташуу кеңейүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Энергетика министрлиги менен үч эл аралык компаниянын ортосунда энергияны топтоо системаларын жыйноо, жеткирүү жана монтаждоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу Өмөттүн басма сөз маалыматынан билдиришти.

Кол коюлган документ энергияны сактоонун заманбап технологияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүнү колдоого багытталган.

Белгилей кетсек, бул кызматташуунун алкагында буга чейин пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган. Тактап айтканда, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын имаратында 2 саат 15 мүнөт ичинде 100 кВт кубаттуулукту камсыз кылган, 200% кубаттуулуктагы 100 кВт энергия сактоочу блок тесттик режимде орнотулган. Электр энергиясынын булагы катары имараттын чатырына күн батареялары орнотулган.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, ошондой эле Amperex Technology Co., Limited (CATL), Xiamen Ampace Technology Limited (Ampace) жана Yangpu Xinchuan Linghang Newenergy Technology Co., Ltd. (YXL) компанияларынын өкүлдөрү кол коюшту.

Аталган компаниялар энергияны топтоо боюнча чечимдердин дүйнөлүк деңгээлдеги өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү болуп саналат. Алар ири масштабдагы кайра жаралуучу энергия долбоорлорун ишке ашырууда кеңири тажрыйбага ээ.

Бул меморандум Кыргызстанда заманбап энергия сактоо технологияларын киргизүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана «жашыл» экономикага өтүү процессин ылдамдатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып