Энергетиктер Жаңы жылда штаттык режимде иштейт – байланыш номерлери

Энергетиктер Жаңы жылда штаттык режимде иштейт – байланыш номерлери

Энергетика министрлиги калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында 31-декабрь Жаңы жыл майрамында жана январь айындагы эс алуу күндөрү өлкө боюнча энергокомпаниялар штаттык режимде иштей турганын билдирди.

Бардык райондук электр тармактарында нөөмөт уюштурулуп, ыкчам чыгуучу бригадалар жана жетекчиликтен бир адам даяр тургузулду. Авариялык абалдар болгон учурда тез арада электр жарыгын калыбына келтирүү үчүн атайын техника, автомашиналар жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, кайрылууга болот:

Электр энергиясы боюнча суроолор жаралса, жалпы чалуу борбору 1209, 105, оператордун мобилдик номерлери 0772 001209, 0556 001209 жана WhatsApp 0702 001209 аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Ошондой эле, ар бир облус боюнча электр тармактар ишканаларынын жетекчилери менен түз байланышууга болот:

  • Бишкек: Азамат Паизов +996 772 121 720
  • Чүй: Доктурбай уулу Жолдошбек +996 555 772 442
  • Баткен: Нурлан Мамадалиев +996 770 091 009
  • Ош: Тилек Жолдубай уулу +996 703 778 818
  • Жалал-Абад: Усенов Сүйүнбек +996 770 570 704
  • Ысык-Көл: Болот Шадыканов +996 702 021 816
  • Нарын: Тилек Балкыбеков +996 778 318 537
  • Талас: Акылбек Султанов +996 504 330 505

Энергетиктердин нөөмөттүгү Жаңы жыл жана январь айындагы эс алуу күндөрү калктын электр энергиясына үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;