Нарын облусунун электр энергиясын колдонуу лимити жогорулатылды

Нарын облусунун электр энергиясын колдонуу лимити жогорулатылды

Нарын облусунун бийик тоолуу жана климаттык жактан татаал шарттарда жашаган тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткен сааттарда керектөө лимитин көбөйтүү чечими кабыл алынганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада мурда белгиленген лимит 189 648 кВт/сааттан 264 312 кВт/саатка чейин жогорулатылды. Бул электр энергиясын көбүрөөк көлөмдө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, аймактагы электр камсыздоону турукташтырууга шарт түздү.

Мекеменин маалыматына ылайык, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык бөлүмдөр, Энергетика министрлиги жана "Кыргызкөмүр" ААКы менен биргеликте калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, антимонополиялык органдар менен биргеликте көмүргө болгон баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында баалардын негизсиз жогорулашы боюнча фактылар аныкталган жок.

Жалпысынан Нарын облусунда көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт, ал эми катуу отундун жалпы кору 3 миң тоннадан ашат. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы "Кыргызкөмүр" ААКынын социалдык отун базаларында топтолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект тармагында инфраструктуралык кластер түзүү маселеси каралып жатканын бүгүн радио эфиринде санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында, санариптештирүүнү өнүктүрүүнү имараттарды куруу же жабдууларды сатып алуу менен гана чектөөгө болбойт. "Жасалма интеллекттин улуттук борборун куруу — бул жөн гана имарат же “темир” эмес. Биринчи кезекте

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын баасы бир баррелине 103,17 долларга чейин көтөрүлгөнүн Интерфакс кабарлады.  Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,96 долларга (2,95%) жогорулап, бир баррелине 103,17 долларды түздү.  Ал эми NYMEX биржасында WTI маркасындагы мунай 2,97 долларга (3,18%) жогорулап, бир баррелине 96,47 доллар болду.

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндө өткөн көчмө жыйында аймакты көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү

Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы кзыматкерлерди кыскартып, жылыга 35 млн фунт үнөмдөөнү көздөп жатат

Англия банкы жакынкы айларда 446 кызматкерин кыскартууну пландап жатканын жана бул жалпы штаттын болжол менен 8%ын түзөрүн тууралуу Известия кабарлады. Бул чечим чыгымдарды азайтуу жана түзүмдү оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылат. Кыскартуулар негизинен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Анын алкагында жогорку кызматтагы жетекчилер, бөлүм башчылар жана директорлор да иштен кетиши мүмкүн.