Жалал-Абадда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Жалал-Абадда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Энергетика министрлигинин 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата тапшырмасынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы бир катар ири иштерди аткарды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул иштердин алкагында облус боюнча 7 көмөк чордондун күч трансформаторлорунун кубаттуулугу жогорулатылды:
  • 110/35/10 кВ “Базар-Коргон” – 16 МВАдан 40 МВАга;
  • 110/10 кВ “Барпы” – 10 МВАдан 16 МВАга;
  • 110/35/6 кВ “Шамалды-Сай” – 10 МВАдан 16 МВАга, 15 МВАдан 16 МВАга;
  • 110/10 кВ “Громадина” – 6,3 МВАдан 10 МВАга;
  • 35/10 кВ “Комсомол” – 10 МВАдан 16 МВАга;
  • 35/10 кВ “Бекен” – 4 МВАдан 10 МВАга;
  • 35/10 кВ “Дзержинский” – 2,5 МВАдан 4 МВАга.

Ошондой эле, 2026-жылга пландалган иштердин алкагында дагы 5 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу каралган.

Кубаттуулук жогорулатуу иштери каскаддык ыкма менен аткарылып, электр тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Акыркы жылдары жаңы турак жайлардын, өндүрүш жана социалдык объекттердин көбөйүшү трансформаторлорго жүктөмдү жогорулатып жаткандыктан, бул иштер абдан маанилүү болуп калды.

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун электр тармагынын туруктуулугу жогорулап, калкка жана ишканаларга сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы жеткирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт

Такси кызматында айрым компаниялар ар бир буйрутмадан 2% кармайт

Такси тармагында айрым компаниялар салык агенти катары иштерин 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, мындай чечим айдоочулар патент алуу маселесинде кыйынчылыкка туш болбошу үчүн, ошондой эле рейддерди жана ашыкча бюрократияны болтурбоо максатында кабыл алынган. Анын сөзүнө караганда, эми ар бир буйрутмадан  2%

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литри 2,5-3 сомго

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565