Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган.

Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык жолдордо жайгашкан.

Жергиликтүү айдоочулар жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн төлөм маршрутка жана транспорт каражатынын категориясына жараша аныкталат.

Бишкек — Ош негизги трассасындагы тоннелдер үчүн тарифтер

  • 50 сом — жеңил автоунаалар (M1 категориясы)
  • 100 сом — микроавтобустар (M2) жана 3,5 тоннага чейинки жеңил жүк ташуучу унаалар (N1, T5)
  • 150 сом — автобустар (M3) жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар (N2)
  • 250 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унаалар (N3)
  • 500 сом — атайын техника, комбайндар жана чиркегичи бар ири габариттүү транспорт.

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолундагы тарифтер

Көк-Арт тоннели аркылуу өтүү кымбатыраак болот:

  • 100 сом — жеңил автоунаалар
  • 250 сом — M2, N1 жана T5 категориясындагы транспорт
  • 500 сом — автобустар жана жүк ташуучу унаалар (M3, N2)
  • 700 сом — оор жүк ташуучу унаалар (N3)
  • 1000 сом — чиркегичи бар техника, комбайндар жана чоң габариттүү тракторлор.

Чет өлкөлүк номердеги жана транзиттик унаалар үчүн тарифтер

Чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар жана транзиттик транспорт каражаттары үчүн жогорулатылган бирдиктүү тарифтер белгиленген:

  • 200 сом — жеңил автоунаалар
  • 1000 сом — микроавтобустар жана жеңил жүк ташуучу унаалар
  • 1500 сом — 3,5–12 тонна жүк ташуучу транспорт
  • 3000 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унаалар
  • 5000 сом — атайын техника жана чоң габариттүү чиркегичтер.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media