Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Папан чакан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 27 МВт болгон "Папан" чакан гидроэлектр станциясынын курулушу улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда төмөнкү иштер аткарылды:

  • Гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жол курулду;
  • Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди;
  • ГЭСтин имаратын жана 110 кВ чыңалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-110 кВ) камтыган өндүрүштүк түйүндү куруу үчүн жерлерди бөлүү жана трансформациялоо боюнча иштер жүрүп жатат;
  • Курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды;
  • Папан ГЭСинен "Узловая – Беш-Мойнок" 110 кВ аба чубалгысынан электр берүү үчүн таянычтарды орнотууга керектелүүчү жер тилкелерин бөлүү маселелери каралууда.
Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документация иштелип чыгып, курулуштун алдын ала планы аныкталды, суу сактагычтын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Папан ГЭСинин капсула салуу аземи 2024-жылдын 5-октябрында болуп өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Корея табигый кырсыктар боюнча кызматташууну кеңейтет

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Министр Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көрсөтүлүп келген колдоо үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катарда круиздик лайнерде калган 134 кыргызстандык мекенине кайтарылууда

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган 134 кыргызстандык жаран Доха шаарынан Сауд Арабия Королдугунун борбору Эр-Риядга жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жалпы 134 жаран автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, андан соң учак менен Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Жарандардын Кыргызстанга

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат

Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук

Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусундагы Салих и Ко ишканасына иш сапары менен барып, балык чарба долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын жүрүшүндө министрлик тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Ишкананын базасында фермерлерди окутуу жана