Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусундагы Салих и Ко ишканасына иш сапары менен барып, балык чарба долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө министрлик тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Ишкананын базасында фермерлерди окутуу жана тажрыйба алмашуу борборун түзүү пландалууда. Ал ишке киргенден кийин Балык чарба департаменти менен биргеликте фермерлер үчүн семинарлар жана окуулар уюштурулуп турат.

Маалыматка ылайык, "Салих и Ко" компаниясы балык өстүрүүдөн тартып кайра иштетүү жана экспортко чыгарууга чейинки толук өндүрүш циклин камтыган заманбап балык кластерин түзүү долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун жалпы баасы 11,8 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 6,8 млн доллар компаниянын өз каражаты, ал эми 5 млн доллар жеңилдетилген насыя катары Айыл Банк тарабынан бөлүнгөн.

Долбоордун алкагында Күрпсай суу сактагычында 23 гектар аянтта 100 садоктон турган форель балык чарбасы курулууда. Бул жерде 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин форель өстүрүү пландалууда.

Ошондой эле Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылында 8 гектар аянттагы осетр балык чарбасы түзүлүп, жылына 270 тонна балык жана 1 тонна азыктык кара икра өндүрүү каралган.

Мындан тышкары, аянты 2100 чарчы метр болгон балыкты кайра иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Анын жылдык өндүрүш кубаттуулугу 5 миң тоннага чейин жетет.

Долбоор ишке ашкандан кийин 40 жаңы жумуш орду түзүлүп, кийинки этаптарда кызматкерлердин саны дагы көбөйтүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле 5 жыл ичинде 1,35 млрд сомдон ашык салык түшүүсү пландалууда.

Белгиленгендей, быйыл апрель айында балыктарды кое берүү пландалып, алар болжол менен бир жарым жылдын ичинде 5-6 кг салмакка чейин жетет.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен