Энергетика министрлигине 145,8 млн сомдук атайын техника тапшырылды

Энергетика министрлигине 145,8 млн сомдук атайын техника тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине жаңы атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин куруу жана модернизациялоо алкагында 37 бирдик атайын техника сатылып алынды. Анын ичинде JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана, JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч жана КАМАЗ–43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч бар.

Сатып алынган техникалардын жалпы суммасы 145,8 млн сомду түзөт.

Салтанаттуу иш-чарада Адылбек Касымалиев энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, акыркы жылдары тармактын техникалык базасы бекемделип жатканын айтты.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатылып алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлигинде 1,7 млн сом натыйжасыз пайдаланылган

Экономика министрлигинде 1,7 млн сом натыйжасыз пайдаланылган

Эсептөө палатасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына аудит жүргүздү. Эсептөө палатасынан билдиргендей, аудиттин жыйынтыгында материалдык-техникалык базаны чыңдоого бөлүнгөн каражаттар өтө аз көлөмдө пайдаланылганы аныкталды. Тактап айтканда, 2023-жылы бул багытка 378,2 миң сом (1,33%), 2024-жылы 410 миң сом (0,81%) гана жумшалган.

Кыргызстан менен Азербайжан айыл чарба инвестицияларын талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан айыл чарба инвестицияларын талкуулады

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов жана долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы И.А. Анарбеков катышты. Фонддун атынан тең төрагалары жана башкармалыктын мүчөлөрү

Адылбек Касымалиев: Коомдук коопсуздук –экономикалык өсүштүн негизи

Адылбек Касымалиев: Коомдук коопсуздук –экономикалык өсүштүн негизи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Коллегияда ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жыйынтыктары, милициянын ишине санариптик технологияларды киргизүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалымат берди. Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк

Манаста 721 миң сомдук  мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Манаста 721 миң сомдук мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Манас шаарында тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташты. Маалыматка ылайык, шаардын борбордук базарынын аймагындагы жашыруун жайлардын биринен 6 миң 12 куту тамеки продукциясы табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча алардын жалпы наркы 721 миң 440 сомду түзөт. Аталган тамекилерде тийиштүү коштомо документтер жана