Балыкчы көмүр базасында 28 миң тонна көмүр кору бар
Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКнын Балыкчы шаарындагы көмүр базасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы жүктөө-түшүрүү пунктунда Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана шаардык көмүр базасы үчүн 2 миң тонна тандалма көмүр камдалган.
Көмүр базасында 50 даана HOWO үлгүсүндөгү автопоезд иш алып барып, 4 фронталдык жүктөгүч жана 1 экскаватор суткасына 24 сааттык режимде иштеп жатат.
2025-жылы "Кара-Кече" көмүр кесиминен Балыкчы көмүр базасына 624 миң тоннага жакын көмүр жеткирилген. Ал эми 2026-жылдын январь айында Бишкек ЖЭБине 77 миң тонна көмүр жөнөтүлдү.
Иш сапардын жыйынтыгында министр аба ырайы суук маалда калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди.


