Кытай кысылган аба менен энергия иштеп чыккан ири системаны ишке киргизди

Кытай кысылган аба менен энергия иштеп чыккан ири системаны ишке киргизди

Кытай дүйнөдөгү эң ири кысылган аба менен энергия сактоо жабдыгын пайдаланууга берди. "Объект Цзянсу провинциясында жайгашкан жана өлкөнүн "жашыл" энергетикага өтүүсүн колдоо үчүн энергияны топтоо системаларын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп калды" деп маалымдайт Bloomberg.

Курулушка катышкан Harbin Electric Corp. компаниясынын маалыматына ылайык, аталган жабдыктын кубаттуулугу 2400 МВт·саат түзөт. Ал 600 МВтка чейин электр энергиясын бере алат, бул болжол менен 600 миң үй чарбасынын жылдык электр керектөөсүн камсыздоого жетиштүү.

BloombergNEF белгилегендей, кысылган аба аркылуу энергия сактоо технологиялары эң үнөмдүү жана узак мөөнөттүү чечимдердин бири болуп эсептелет. Алардын иштөө принциби электр энергиясына суроо-талап аз болгон учурда абаны жер астындагы резервуарларга кысым менен айдап сактоого, ал эми жүктөм жогору болгон маалда аны кайра бошотуп, турбиналарды айлантуу аркылуу электр энергиясын өндүрүүгө негизделет.

Мындай долбоорлордун өнүгүшү Кытайда жаңылануучу энергетиканын ыкчам өсүшү менен байланыштуу. Өлкөнүн бийлиги 2027-жылга чейин 180 ГВттан ашык жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул болсо аккумулятордук энергия сактоо системаларынын да, ошондой эле альтернативдүү технологиялардын, анын ичинде кысылган аба негизиндеги энергия сактоо ыкмаларынын да активдүү өнүгүшүнө түрткү болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

15-мартта реконструкциядан кийин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө транспорт кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Азыркы учурда Осмонкулов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде кыймыл көпүрөнүн бир тарабында эки багытта уюштурулган. ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларды бул жол тилкесинде этият болууга,

Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы куруларын облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аталган футбол аянтчалары курула турчу жерлерди көрүп чыкты. Алар жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат. Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга