Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Быйыл Баткен облусунда 10 кичифутбол аянтчасы курулат

Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы куруларын облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аталган футбол аянтчалары курула турчу жерлерди көрүп чыкты. Алар жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.

Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалган.

Аянтчалар төмөнкү аймактарда курулат:

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарына;

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына;

Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарына;

Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак, Зардалы айылына;

Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылына.

Ошондой эле андан кийин да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу иштери улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 29-июндан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынанмүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан маяна боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунду ээледи

Кыргызстан орточо айлык акынын көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 132-орунга жайгашты. Бул тууралуу CEOWORLD журналынын 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган изилдөөсүндө айтылат. Рейтингге дүйнөнүн 200 мамлекети киргизилип, ал кызматкерлердин орточо таза айлык кирешесинин негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акы айына болжол менен 335 долларды түзөт. КМШ өлкөлөрүнүн арасында

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

Манас шаарында курулуп жаткан мектептер текшерилди

28-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министр курулуштун сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана иштердин жүрүшүнө баа берип, курулуш темпин күчөтүү жана объектилерди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын