Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 36 МВтка жогорулайт
Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери улантылууда. Пакет-2 алкагындагы иштерди Кытай Эл Республикасынын CNEEC компаниясы аткарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
2026-жылы станцияда №2 жана №1 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо пландалган. Бул ыкма иштердин мөөнөтүн кыскартып, натыйжалуулукту жогорулатат.
Учурда эки гидроагрегат боюнча даярдык иштери башталган. №2 гидроагрегатты реконструкциялоо 2026-жылдын 1-февралында, №1 гидроагрегатты 1-мартта баштоо каралган.
Азыр №2 гидроагрегатта статор таякчаларын ширетүү жана роторду чогултуу иштери жүрүп жатат. №1 гидроагрегат боюнча долбоордук даярдык параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Иштер бекитилген графикке ылайык, коопсуздук талаптарын сактоо менен аткарылат.
Модернизациянын жыйынтыгында 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 18 МВтка жогорулаган. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы өсүш 36 МВтты түзөт.
Долбоор станциянын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.