"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот
2026-жылы "Чакан ГЭС" ААКсы кубаттуулугу жогору электр кубаттоочу станцияларды орнотууга өтүүнү пландап жатканын компаниянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы компания кубаттуулугу 80 кВт болгон 10 даана тез кубаттоочу станция орноткон. Бул станциялар алыскы каттамдарга багытталып, айдоочулар жолдо баратканда унаасын тез кубаттай алышы үчүн жайгаштырылган. Тактап айтканда, Бишкек—Ош жана Бишкек—Каракол багыттарында орнотулган.
Учурда компания кубаттуулугу 120 кВт болгон жаңы электр кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.