Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

Чүйдө 119 чакырым СИП кабели тартылат

2026-жылы Чүй облусунда 119,34 чакырымдан ашуун СИП кабелдерин тартуу жана реконструкциялоо иштери пландаштырылган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин негизинде март айынан ноябрь айына чейин аткарылат.

Анын ичинде:

  • Аламүдүн району – 20,45 чакырым;
  • Кемин району – 6,840 чакырым;
  • Москва району – 11,100 чакырым;
  • Жайыл району – 9,429 чакырым;
  • Сокулук району - 33,583 чакырым;
  • Чүй району – 15,899 чакырым;
  • Ысык-Ата району – 5,68 чакырым;
  • Панфилов району - 8 чакырым.
СИП кабелдин өзгөчөлүгү: Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна жана муздун тоңуп калышына аз дуушар болуп, электр тармагынын ишенимдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Катуу шамалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербейт. Табигый терс факторлорго туруктуу келет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды

Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай, транспорт, энергетика, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында республиканын автомобиль жана ички жолдорунун абалы жана унаа жолдорун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды. Депутат Бакыт Чомоев Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөк курууну сунуштады. Анын айтымында, жолдун жанындагы мектептерден улам

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлгөн, анын 8,1 млрд сому толук каржыланган, деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн коллегияда. Бул каражат 357 объектке жумшалды. Анын ичинен 242 социалдык объектке багытталган: 133 мектеп, 57 бала

Кыргызстан 17 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Кыргызстан 17 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, учурда Кытай менен айыл чарба продукциясынын 15 түрүн жеткирүү боюнча протоколдорго кол коюлган. Жакын арада жаңы документтерге кол коюу аркылуу бул тизмени кеңейтүү пландалып жатат. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстан айыл чарба продукциясынын 17 түрү боюнча экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ. Кыргызстандын айыл чарба продукциясы бир катар мамлекеттерге экспорттолот:

Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Чет өлкөлүк туристтерге төөлөр кортежи менен “Кыргыз көчүн” уюштурабыз – Шербото Күрөңкеев

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Шербото Күрөңкеев атасы Турумбек Күрөңкө уулунан калган мурас – төө багууну улантып келет. Буларды асыроо, көбөйтүү абдан машакаттуу түйшүк экенине карабай айылдык фермер  бул уникалдуу, -40 градус сууктан +50 градус суукка чыдамдуу, катаал шарттарда жанын багып кете ала турган төөлөрдү көбөйтүүнү колго алган.