Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө
Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет.
Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco Iran компаниясы көрсөтүүдө. Экологиялык жана социалдык изилдөөлөр MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. менен биргеликте 2026-жылдын 27-февралынан 31-мартына чейин жүргүзүлөт.
Долбоордун алкагында 110 кВ жаңы аба чубалгылары курулуп, "Кара-Шоро", "Кара-Кулжа" жана "Каратай" көмөкчордондору "Исанов" көмөкчордонуна кошулат.
Жаңы чубалгылардын узундугу:
- "Исанов – Кара-Кулжа" – 40 км
- "Исанов – Каратай" – 60 км
- Эки чынжырлуу "Исанов – Кара-Шоро" – 3 км
Иштер "Кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү – I фаза" (KRED) долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.