“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры
Азырынча жубайлар өндүрүштө экөөлөп иштешет. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер цехин ачып, анын аркасы менен таттуулардын жаңы түрлөрүн кошуп, сатыгын көбөйттү. 

“Жаркынай” цехиндеги торт өндүрүү кечкисин катмар нан үчүн камыр жууруу менен башталат. Бисквиттик камырды кондитерлер калыптарга куюп, мешке салып, торттун түрүнө жараша быштак, жемиш же каймак кошулган назик катмарын даярдоого киришет. Ал арада катмар нандар кызарып даяр болуп калат. Суугандан кийин аларга жакшылап крем сүртүшөт да, кооздоп туруп ширеси сиңгичекти бир нече саат муздаткычка коюп коюшат. Кийинки этап – даяр өндүрүмдү кофеканаларга жеткизүү.

Ширин соода бүт өмүрлүк ишине айланган Бурхановдордун үй-бүлөсүндөгү кадыресе жумуш күндөрү кыскача айтканда ушинтип өтөт. "Ишкер Медиа" анын купуя кошулмаларын билип келди. 

Кыялкеч, эмгекчил, көп балалуу эне

Кызыл-Кыянын 36 жаштагы тургуну Жаркынай Ибрагимованын кесиби бухгалтер-экономист. Күйөөсү Асанбай Бурханов экөө бактылуу үй-бүлөдө төрт баланы тарбиялап келатышат. Жалданма кызматкер болуп иштеп көрүп, бирок бул иш ага туура келбей турганын тез эле түшүнгөн. Жалаң үй ишинде отура бергиси да келген жок. Ишкер келин өз ишин пирожки жана башка наабай азыктарын жасап саткан чакан кафе ачуудан баштады. Бир нече жыл мурун ал торт жасоого кызыгып кетти – таттуу өндүрүмдү жергиликтүү кофеканалардын кожоюндары тамшанып ала башташты.

Торт жасоого Жаркынай бир нече жыл мурун кызыга баштаган. Анын өндүрүмүн жергиликтүү кофеканалардын кожоюндары ырахаттанып сатып алышат. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ). 
“Баары жөнөкөй кыял менен ишенимден башталды. Мен өзүм үчүн бир нерсе ачып, өзүм да ырахат алып, акча да таба турган иш менен алектенгим келип жүргөн. Таттуу тамак жасаганды аябай жакшы көрөм, андыктан кыйынчылык болгонуна карабастан өзүмө ишенип эле турдум. Ошондуктан ишимди өнүктүргөнгө акча табуу максатын койдум”, — деп эскерет Жаркынай Ибрагимова.

Түгөйлөр Улуу Британияда айыл чарба тармагында алты ай иштегенге мүмкүнчүлүк берген Сезондук кызматчылар программасы тууралуу укканда келин күйөөсүн ээрчип акча тапканы кеткиси келди. Бирок кете алган жок. Жаркынай мекенинде калып, жакшы көргөн, колунан келген ишин уланта берди. Асанбай эки сезон катары менен Англиянын талааларында иштеп жүрдү.

Өбөлгө баа жеткис болуп турганда 

Башында ар кимисинин өз кыялы бар болчу. Келин өз ишин ачкысы келип, күйөөсү үй менен машине эле алгысы келип жүргөн. Алгач ал аялынын ишине кызыккан деле жок, анын эрмегин жактырган эмес. Бирок анын канчалык көшөрүп алдыга умтулганын көрүп, колдосо колдоп коеюн деген экен. Англияда жүргөндө эле Асанбай Миграция боюнча эл аралык уюмдун сыноо иретиндеги “1+1” кошо каржылоо демилгесине арыз берип койгон. Баткендеги окууга Жаркынай барды.

“Долбоордун алкагында ишкерлик жолдун башында кыйынчылыктарды кантип жеңип, кантип максат коюп, ага жетсе болорун, каражатты туура бөлүштүрүп, кирешени кайра ишке жумшаганды үйрөндүм. Документтерди жүргүзүүнүн тартибин, жеке ишкана ачуунун жол-жобосун жана салыктын негиздерин изилдеп чыктык. Окуудан кийин ишкерлик долбоор жазып, комиссиянын алдында жакташ керек болчу. Катышкан 60 аялдын арасынан жалгыз мен МЭУдан 340 000 сомдук грант алдым. Күйөөм мени менен сыймыктанып, өз акчасынан дагы ошончо сумма кошуп берди. Биз ал акчага меш, камыр жууругуч, аралаштыргыч жана өндүрүм сакташ үчүн үч муздаткыч кылып жабдуу сатып алдык”, - дейт ишкер. 

Ал мындай жардам ишин жаңы баштагандар үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Башында көбү эле кайраттанып келип, кийин өзүнө болгон ишенимин жоготуп коюшу мүмкүн. Колдоонун шарапаты менен иш ийгиликтүү башталып, мамлекетке пайда келтире алат. Адамдар өз өлкөсүндө эмгектенип, жакындарынын жанында болуп, балдарын тарбиялап, өз мекенинде ийгиликте жетиши үчүн ишкерлер жаңы жумуш орундарын түзүшөт.  

“Жан-дилиң менен аракет кылсаң ийгилик сөзсүз келет”

Бурхановдордун кондитер цехине имаратты Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы бөлүп берген. Иш арбыганда ишкерлер торттордун дароо бир нече түрүн бышырып, сатыгын көбөйтүштү. Бүгүн алардын ассортиментинде “Кызыл баркыт”, “Сникерс”, “Кофе менен жемиш”, “Манго-маракуйя”, “Быштактуу”, “Жуурат” жана испандыктардын “Сан-Себастьян” чизкейки бар.

Айрыкча “Кофе менен жемиш” торту өтө популярдуу. Ишкер анын жаралыш тарыхын айтып берди. Асанбай Улуу Британиядан кофенин дандарын ала келген экен, Жаркынай андан кофе десертин жасап көрмөк болуптур. Камырга талкаланган дандарды кошуп, катмарын калыңдатыш үчүн жемиштерди майдалап сээп чыгат. Бул автордук шедевр көбүнө жагып калган. 

Азырынча жубайлар өндүрүштө экөө эле иштейт. Үй ээси катмар нан бышырганга жардам берип, кардарларга жеткирүү милдетин алат. Англияга барып иштеп келген соң арзан машине сатып алган, ошону менен кофеканаларга күн сайын өз өндүрүмүн ташыйт. Жаркынай жумушу менен катар чарбасын жүргүзүп, байы менен балдарына кам көрүп, наабай өнөрүнүн сырларын андан ары үйрөнүп жатат – себеби өнөрдүн чеги жок. Ал дайыма жаңы бир нерсе үйрөнүп, лидерлик жана финансылык сабаттуулук боюнча сабактарга катышып турат.  

“Мен “Жаркынайга” бардык арзуумду, ишенимимди, эмгегимди арнадым! Чын дилиңден иш кылсаң сөзсүз ийгиликке жетесиң. Биз азык-түлүктөн үнөмдөбөйбүз, кымбат болсо да нукура, адал өнүмдөрдү сатып алабыз. Ошондой мамиле менен алармандардын ишенимине арзыдык деп ойлойм. Кардарлар мунун артында кандай кылдат эмгек турганын өз көзү менен көрүп, биздин өндүрүмдүн сапатына санаа тартпаганы биз үчүн маанилүү. Эми круассан бышырганды үйрөнөйүн деп турам – азыр ошолор абдан өтүмдүү экен. Ушу тапта жалаң эле торт эмес, орозо кармагандар үчүн кургак жемиштер кошулган таттуу пирогдорду да бышырып атам - ал пайдалуу жана ток келет. Ишкерликте элдин муктаждыгын сезип, ага ийкемдүү тоску көрсөтө билиш керек”, - деп белгилейт цех ээси.
Торт өндүрүш үчүн цех ээси сапаттуу, нукура өнүмдөрдү гана сатып алат. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ).

Алдыда эмне бар?

Жакын арада Бурхановдордун үй-бүлөсү дагы эки аялды ишке алууну көздөп турат. Бири круассан бышырса, экинчиси кожойкеге торт бышырууда жардам бериши керек болот. 

Албетте, ишти кеңейтиш керек, алдыда али жумуш толтура. Үй-бүлө эми өнөр жай мешин жана камырды кынтыксыз микроклиматта кармап тура турган текчелүү шкаф сатып алсак деген ойдо турат. Ишкерликте же ордуңда кала бересиң, же алга умтулуп, өнүгүп жүрүп отурасың. Алармандар Кызыл-Кыянын таттуу брендин эмитен эле таанып, жакшы көрүп калышты, демек алардын үмүтүн акташ үчүн андан ары өсүш керек.

Өрүшү кеңейген соң ишкерлер торттордун дароо бир нече түрүн бышырып, сатыгын көбөйткөн. Сүрөт: Эл аралык миграция уюму (ЭМУ). 
“Ишканабыздын профилин социалдык тармактарда жайылтыш үчүн SMM курстарынан өтөйүн деп турам. Автордук рецепттерди түзүп, жаңы иш баштагандарды чеберчиликке үйрөтүп, каалагандардын баарына кызыктуу мастер-класстарды өтсөм деген оюм бар. Билгендериңди башкалар менен бөлүшүү – бул чоң жетишкендик. Эң негизгиси биз өз өндүрүмүбүзгө ишенебиз жана ал адамдарга жагып жатканына кубанычтабыз. Калганын убакыт көрсөтөт”, - деп күлүп койду Жаркынай Ибрагимова.
Бул басылма Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул басылманын мазмуну сөзсүз түрдө Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media