Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт
Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат. 2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Быйыл дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Натыйжада көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга жогорулап, жалпы кубаттуулук 80 МВАны түзөт. Бул электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, Каракол шаары жана Ак-Суу районунун бир катар айылдарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.
Учурда “Пржевальская” көмөк чордон аркылуу 14 752 кардар электр энергиясы менен камсыз болууда. 2023-жылы бул көрсөткүч 13 759 болгон. Акыркы үч жылда кардарлардын саны дээрлик 1 000ге көбөйгөн.
Жаңылоо иштери 2026-жылдын аягына чейин аяктайт.


