Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

20-февралда Свердлов РИИБине 1955-жылы туулган Л.К. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен 12 млн сом акчасын ээлеп алышкан.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек РИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган Т.К., 2006-жылы туулган А.М. жана 2003-жылы туулган А.К. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалгандар Бишкек РИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана башка адамдардын мүмкүн болгон тиешесин аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

Чолпон-Атадагы кеңешмеде өлкөдөгү негизги маселелер талкууланды

30-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, ошондой эле президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына кеминде эки

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Чакан жана орто ишкердикти колдоо программасы бекитилди

Министрлер кабинети "2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алды. Ага ылайык, программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы, ошондой эле бюджеттик бөлүгү бекитилди. Белгиленгендей, программанын негизги максаты — 2030-жылга карата кошумча наркты жогорулатуу,

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 20,7%га өстү

Кыргызстан жумуртка өндүрүү боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь–апрель айларында Кыргызстанда 294,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га көп. Кыргызстандан кийинки орунда Казакстан турат. Казакстанда

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

Кылмыштуу топтон 2 млн 450 миң сом жана психотроптук заттар алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Канал-Янтарь жээги” эл аралык операциясынын алкагында психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төрт жаран кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары