Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Министр Шамырканов: Глобалдык жылуулук шартында АЭС куруу зарыл

Кыргызстанда атомдук электр станция куруу маселеси актуалдуу. Атомдук электр станция бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айлангандыктан, АЭС куруунун жолдорун издөө зарыл, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов УТРКга берген маегинде.

Эфирде журналист Кыргызстан сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашканын белгилеп, мындай шартта АЭС куруу канчалык туура деген суроону узатты.

Министрдин айтымында, глобалдык жылуулук дүйнө жүзүнө терс таасирин тийгизип жатат. Мурда жаан-чачын кадимкидей жаап өтүп кетсе, азыр локалдык мүнөзгө өтүп, кыска мөөнөттүү нөшөрлөр көбөйгөн. Ал мындай жаандарды тиешелүү приборлор кээде аныктабай калып жатканын айтты.

Ошондой эле мурдагы жылдарга салыштырмалуу суунун көлөмү азайып, мөңгүлөр эрип жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, бул жагдай келечекте энергия алуунун башка ыкмаларын издөөнү талап кылат.

"Демек, биз келечекте энергия алуунун башка ыкмаларын табышыбыз керек. Ал — атомдук электр станция", — деди Урматбек Шамырканов.

Мындан тышкары окуңуз

Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагындагы 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди. Ведомствонун маалыматка ылайык, бул корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү

Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат

Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат

5-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин берилбейт. Сууну өчүрүү

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россияда алгач ирет картошка чипстерине мамлекеттик стандарт — ГОСТ киргизилип жатат. Ал 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул стандартка алты постсоветтик өлкө, анын ичинде Кыргызстан да кошулганын Росстандарт маалымдады. Маалыматта айтылгандай, картошка чипстери кеңири тараган популярдуу азык болгону менен, буга чейин бул продуктка бирдиктүү талаптарды аныктаган документ болгон эмес. Жаңы мамлекеттер

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Шаньдун инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын катчысы Линь У менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аймактар аралык кызматташтыкты талкуулашты. Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду. Эдил Байсалов Кыргызстанда