Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагындагы 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди.

Ведомствонун маалыматка ылайык, бул корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү роль ойнойт.

Институттун адистери турак жай имараттарын, коомдук имараттарды жана социалдык инфратүзүм объектилерин техникалык кароодон өткөрүп, инженердик изилдөөлөрдү жана эсептик талдоолорду жүргүзүштү. Ар бир объект боюнча тиешелүү техникалык баа берилип, расмий корутундулар даярдалды.
Техникалык корутунду — бул имараттарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо же капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө алардын техникалык абалына жана коопсуздугуна инженердик баа берүүчү расмий документ. Ал курулуш процессинин сапатын камсыз кылууга жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө