Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке ашырылып, электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, авариялык өчүүлөрдү азайтууга жана техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган.

2026-жылга карата пландалган иштер:
10 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 16,33 км
10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 50,67 км
0,4 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 15,3 км
0,4 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 52,34 км.

Аткарыла турчуу иштер Ош облусунун тургундарын жана керектөөчүлөрдү туруктуу, сапаттуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагындагы бул жумуштар март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Энергетика тармагындагы модернизация иштери мындан ары да ырааттуу улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтык багытында бир катар жетишкендиктер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандан бир катар айыл чарба продукциялары чет өлкөлөргө экспорттолгон. Тактап айтканда, Орусияга 40 тонна беде үрөнү, Жапонияга

Улуттук банк "Карт Флай" ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк "Карт Флай" ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети "Карт Флай" жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 2026-жылдын 27-февралында кабыл алынган. Ага ылайык, компанияга 2024-жылдын 15-ноябрында берилген лицензиялар 2025-жылдын 27-февралынан тартып кайтарылып алынган. Кайтарылып алынган лицензиялар

Сафлор майын өндүргөн "Шабане" чарбасын колдоо маселеси талкууланды

Сафлор майын өндүргөн "Шабане" чарбасын колдоо маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин "30+20+10" долбоорунуналкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү "Шабане" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чарба 1995-жылдан бери сафлор өстүрүп, андан май өндүрүү менен алектенет.

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүпландалууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, палатанын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жолугушууда тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.