Сафлор майын өндүргөн "Шабане" чарбасын колдоо маселеси талкууланды

Сафлор майын өндүргөн "Шабане" чарбасын колдоо маселеси талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин "30+20+10" долбоорунуналкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү "Шабане" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чарба 1995-жылдан бери сафлор өстүрүп, андан май өндүрүү менен алектенет. Өндүрүш процесси толук циклде жүргүзүлүп, жер иштетүүдөн тартып кайра иштетүүгө чейин камтыйт. Ошондой эле чарба жергиликтүү тургундарга муздак ыкма менен май сыгуу кызматын да көрсөтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизги көйгөй катары чийки заттын жетишсиздиги белгиленди. Мындан тышкары, чарбанын ишин кеңейтүү максатында тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү жана электр энергиясын жеткирүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле өндүрүштү диверсификациялоо үчүн кошумча жер тилкелерин жеңилдетилген шартта берүүтууралуу сунуш айтылды.

Министрликтен билдиришкендей, "30+20+10" долбоору кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана ресурс үнөмдөөчү чарбаларды колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти. Орозбеков айыл аймагы жана

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууга чыкты

Депутат Мирлан Жээнчороев “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Демилгеге ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төлөнүүчү күрөөнү 300 миң сомдон 150 миң сомго түшүрүү, ал эми шайлоо фондунун эң жогорку чегин 20 миллион сомдон

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

Шаршенбек Абдыкеримовдун агасы камакка алынды

“АЮ” холдингинин мурдагы жетекчиси  Тыныбек Исаев кайрадан тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-июнда чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка таянсак, сот Исаевди 20-августка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен айып тагылууда.

Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Нарын облусунун бюджети 2,5 эсеге жогорулады

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдарда аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасы камсыздалганын белгиледи. 2021-жылы облус бюджетинин көлөмү 960 млн сомду түзсө, былтыркы жылдын