Бишкекте быйыл 278 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылат
Быйыл Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоонун алкагында 278 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырыларын Энергетика министрлиги билдирди.
Жаңылоо иштери борбор калаанын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Алмаштырыла турган мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, колдонуу мөөнөтү эчак өтүп кеткен.
2026-жылга пландалган иштер:
- Түндүк РЭТ — 125 даана;
- Батыш РЭТ — 103 даана;
- Чыгыш РЭТ — 50 даана.
Иштерди 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылы шаар боюнча 671 даана темир-бетон мамы орнотулган.