Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүү долбооруна кол коюлат
Кыргызстанда туруктуу энергетикага өтүүнү колдоого багытталган жаңы карбон (көмүртек) долбооруна кол коюу күтүлүп жатканын энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлү Хью Ридделл менен жолугушууда билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, аталган демилге iFIRST программасынын алкагында ишке ашып, өлкөдө көмүртек каржылоосуна байланышкан алгачкы кадамдардын бири болуп калмакчы.
Белгиленгендей, долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү - долбоордун механизмине ылайык, Кыргызстан энергетика тармагындагы реформалар аркылуу абага жайылган зыяндуу парник газдарын канчалык деңгээлде азайтса, каржылоонун көлөмү ошончолук жогору болот.
Абага жайылган зыяндуу газдардын азайышы тастыкталган учурда өлкөгө 4,5 млн долларга чейин каражат бөлүнөт. Мындан тышкары, көмүртек рыногунун механизмдери аркылуу дагы 5,5 млн долларга чейин кошумча каражат тартуу каралган.
Гранттык негизде 1,5 млн доллар бөлүнүп, ал мамлекеттик органдардын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө, парник газдарын эсепке алуу системасын түзүүгө жана көмүртек бирдиктеринин улуттук реестрин ишке киргизүүгө жумшалат.
Министрликтен белгилешкендей, тартылган каражаттар өлкөнүн Париж келишиминин алкагындагы климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталат. Эксперттер бул демилге энергетика секторун модернизациялоого жана эл аралык климаттык инвестицияларды тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешет.