Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү
Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген.
Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү.
- 2025-жылы — 10 млн 289 миң кВт/саат
- 2026-жылы — 12 млн 413 миң кВт/саат
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында "Чакан ГЭС" ААКнын катышуусу менен ишке ашырылган.
Кара-Көл ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт. Орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/саат деп күтүлүүдө.
Мындай долбоорлор өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатып, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.