Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын январында азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 220,3 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын декабрь айындагы 267,6 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн.

Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Январь айында бул өлкөдөн 200,8 млн $ которулуп, жалпы агымдын 90%дан ашыгын түзгөн.

Ошол эле учурда өлкөдөн сыртка агып чыккан акча каражаттарынын көлөмү да азайган. 2026-жылдын январында 17,7 млн $ өлкөдөн чыгарылса, 2025-жылдын декабрында бул сумма 21,7 млн $ болгон.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда акча которуу кызматын 20 эл аралык система көрсөтөт. Алардын арасында Астрасенд, Золотая Корона, MoneyGram, Юнистрим жана Western Union сыяктуу системалар калк арасында кеңири колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде шаар тургундары үчүн жаңы заманбап коомдук мейкиндик түзүлүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз курулуштардан бошотулган аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар коюлду. Ошондой эле автоматтык сугаруу тутуму жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду. Жакын арада жаңы сейил бак пайдаланууга берилип, шаар